КМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталды
Кыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдү
03.10.2026 | 13:00

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 15–49 жаштагы бир аялга 2,6 баладан туура келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети «Кыргыз Республикасынын демографиялык жылдыгы: 2021–2025» басылмасында маалымдады.
2000-жылдардын башынан бери бул көрсөткүч өсүп келген. Бирок 2020-жылдан тарта анын бир аз төмөндөшү байкалууда. Ошого карабастан, КМШнын бир катар өлкөлөрүндө төрөттүн деңгээли калктын жөнөкөй кайра өндүрүлүшүн камсыз кылган чектен төмөндөп кеткен болсо, Кыргызстанда калктын кеңейтилген кайра өндүрүлүшүнө карай тенденция сакталып калууда.
Салттуу түрдө эң көп төрөт 20 жаштан 30 жашка чейинки аялдарга туура келет. 2025-жылы бул курактагы аялдарга бардык төрөлгөн балдардын 55,4%ы туура келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: новорожденный