Жаратылыш ресурстары министрлиги мергендерге аңчылык эрежелерин эскертти

02.10.2026 | 11:00
Жаратылыш ресурстары министрлиги мергендерге аңчылык эрежелерин эскертти — Новости Кыргызстана

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарандарга белгиленген аңчылык эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертти.

Аңчылыкка мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө гана уруксат берилет. Мөөнөттөр аңчылыкка алынуучу жаныбардын же канаттуунун түрүнө жараша айырмаланат. Ошондуктан аңчылыкка чыгуудан мурда тиешелүү түргө карата сезон ачылганын, олжо алуунун колдонуудагы ченемдерин жана аңчылык жүргүзүүгө уруксат берилген аймакты тактап алуу зарыл.

Белгиленген мөөнөттөн тышкары, тыюу салынган түрлөргө же аңчылык жүргүзүүгө тыюу салынган аймактарда аңчылык кылуу мыйзам бузуу болуп саналат.

Мыйзамдуу аңчылык жүргүзүү үчүн жарактуу мамлекеттик мергенчилик күбөлүгү, жаныбарлардын белгилүү бир түрүнө аңчылык кылууга берилген жолдомо, ошондой эле ок атуучу курал колдонулган учурда ага тиешелүү документтер болушу керек.

Министрликтен белгилешкендей, мергенчилик күбөлүгүнүн гана болушу жаныбарларды өз алдынча атып алууга укук бербейт. Белгилүү бир аймакта жана тиешелүү түргө аңчылык кылууга укук берген документтерди алуу зарыл.

Мергенчилик күбөлүгүн алуу боюнча жашаган жери боюнча министрликтин аймактык башкармалыгына кайрылуу керек. Ал эми жолдомо алуу үчүн аңчылык жүргүзүү пландалган аймактагы тиешелүү аңчылык чарбасына кайрылуу зарыл.

Аңчылыкка чыгуудан мурда тандалган түргө аңчылык кылуу сезону ачылганын, аймак уруксат берилген жерлердин катарына кирерин, бардык зарыл документтер бар экенин жана олжо алуу лимити белгиленгенин жана ашырылбаганын текшерүү керек. Ошондой эле аңчылык жүргүзүүнүн ыкмаларына жана мөөнөттөрүнө коюлган талаптар сакталууга тийиш.

Белгиленген сезон аяктагандан кийин тиешелүү түргө аңчылык кылууга тыюу салынат.

Министрлик мергендерди мыйзам талаптарын сактоого, жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине аяр мамиле кылууга жана жапайы жаныбарлар менен канаттууларды мыйзамсыз уулоого жол бербөөгө чакырды.

Scroll to Top