Кыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктады

Кыргызстандын курама командасы Япониянын Айти жана Нагоя шаарларында өткөн 2026-жылдагы жайкы Азия оюндарында жалпы медалдык эсепте 26-орунду ээледи. Кыргызстандын спортчулары 14 медаль утушту: 1 алтын, 3 күмүш жана 10 коло.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан Кыргызстан Өзбекстандан (5-орун, 70 медаль, анын 21и алтын), Казакстандан (8-орун, 84 медаль, 12 алтын) жана Тажикстандан (22-орун, 16 медаль, 2 алтын) артта калды. Ошол эле учурда Кыргызстан 2 күмүш медаль менен 31-орунду ээлеген Түркмөнстандан озуп кетти.

Монголия Кыргызстанга караганда 1 медалга көп, тактап айтканда 15 медаль уткан, бирок 27-орунга жайгашты. Анын эсебинде 1 алтын, 1 күмүш жана 13 коло медаль бар. Пакистан 10 медаль (2 күмүш, 8 коло) менен 29-орунда калды.
Жалпы медалдык эсепте биринчи орунду Кытай ээледи. Анын спортчулары 169 алтын, 89 күмүш жана 83 коло, жалпы 341 медаль утушкан. Экинчи орунда Япония (83 алтын, 95 күмүш, 91 коло, жалпы 269 медаль), үчүнчүдө Түштүк Корея (39 алтын, 43 күмүш, 68 коло, жалпы 150 медаль) турат. Андан кийинки орундарда Индия (4-орун), Өзбекстан (5-орун), Иран (6-орун) жана Таиланд (7-орун) жайгашты.