Кыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдө

04.10.2026 | 11:00
Кыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдө — Новости Кыргызстана

2026-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын 33,1%ын балдар жана өспүрүмдөр, 56,9%ын эмгекке жарамдуу курактагы адамдар, ал эми 10,0%ын эмгекке жарамдуу курактан улуу адамдар түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети «Кыргыз Республикасынын демографиялык жылдыгы: 2021–2025» басылмасында маалымдады.

Өлкө калкынын орточо жашы өсүүнү улантып, 2026-жылдын башына карата 28,9 жашты түздү. Эркектердин орточо жашы 28,2 жаш болсо, аялдардыкы — 30,1 жаш. Ошол эле учурда 80 жаштан жогорку курактагы аялдардын саны эркектердин санынан дээрлик эки эсеге көп. Бул эркектер арасындагы өлүм-житимдин жогору болушу менен түшүндүрүлөт.

Акыркы беш жылда балдар жана өспүрүмдөрдүн үлүшү бир аз азайды — 2021-жылы 34,7% болсо, 2025-жылы 33,1%ды түздү. Балдардын үлүшү мурдагыдай эле Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында жогору болуп, бул аймактарда көрсөткүч 36–39%ды түзөт.

Демографиялык жүктөм коэффициенти акыркы беш жылда анча өзгөргөн жок. 2025-жылы эмгекке жарамдуу курактагы 1000 адамга 758 адамдан туура келген. Эң жогорку көрсөткүч Баткен (897), Жалал-Абад (869), Ош (867) жана Талас (824) облустарында катталган. Эң төмөнкү көрсөткүч Бишкек шаарында — 514 адам.

2026-жылдын башына карата Кыргызстанда 65 жаштан жогорку курактагы адамдардын үлүшү 6,4%ды, же 475 миңден ашык адамды түздү. Бул көрсөткүч БУУнун классификациясы боюнча «калктын карылык босогосунда турган» категориясына туура келет.

Салыштыруу үчүн, Молдовада бул көрсөткүч 18,3%, Беларусьте — 17,9%, Россияда — 17,8%, Азербайжанда — 9,9%, Казакстанда — 9,2%ды түзөт. БУУнун болжолуна ылайык, Кыргызстанда калктын картаюу тенденциясы 2030-жылга карата дагы даана байкалат. Ал учурда улгайган адамдардын үлүшү 7%га жакындайт.

2026-жылдын башына карата өлкөдө 100дөн ашык этностун өкүлдөрү жашайт. Алардын ичинен саны боюнча эң көптөрү — кыргыздар (5 млн 763 миң адам, калктын 77,8%ы), өзбектер (1 млн 62 миң адам, 14,3%) жана орустар (270 миң адам, 3,6%).

Scroll to Top