АИ-92ге берилген субсидия айдоочуга айына 4,6 миң сомдон ашык үнөмдөөгө мүмкүндүк берет — Экономика министрлиги

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди субсидиялоонун эсебинен айдоочуга көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоонун көлөмүн эсептеп чыкты.
Учурда мамлекеттик субсидиянын көлөмү төмөнкүчө: АИ-92 бензинине — литрине 30,88 сом, дизель майына — литрине 42,27 сом, автогазга (СУГ) — литрине 5,38 сом. Ошентип, мамлекет жарандардын күйүүчү май сатып алууга кеткен чыгымдарынын олуттуу бөлүгүн өзүнө алып жатат.
Президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун маалыматына ылайык, республикада 1,5 миллионго жакын транспорт каражаты катталган. Алардын болжол менен 1,2 миллиону жеңил, 300 миңге жакыны жүк ташуучу унаалар.
Эгер бир айдоочу күнүнө орточо 5 литр АИ-92 бензинин сарптайт деп эсептесек, бир айда анын чыгымы болжол менен 150 литрди түзөт. Литрине 30,88 сом өлчөмүндөгү субсидияны эске алганда, мындай көлөмдө күйүүчү май керектеген бир айдоочуга мамлекеттик колдоонун көлөмү айына 150 × 30,88 = 4 632 сомду түзөт.
Кызматтын маалыматы боюнча, бул мамлекеттик колдоо чарасы жарандардын күйүүчү майга кеткен чыгымдарын азайтып, автоунааны пайдаланууга байланышкан каржылык жүктү жарым-жартылай компенсациялоого жардам берет.
Мындай чаралар мамлекеттен олуттуу ресурстарды талап кылат жана калкты колдоого, күйүүчү майдын баасынын үй-бүлөлүк бюджетке тийгизген таасирин азайтууга багытталган.