Адылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларусь Республикасына болгон 1–2-октябрдагы иш сапары жыйынтыкталды.
Иш сапардын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына катышты. Тар жана кеңейтилген курамда өткөн жыйындарда соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтык боюнча 10дон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду.
Жыйындарга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин — Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын өкмөт башчылары, ошондой эле ЕАЭБдин байкоочу мамлекети Өзбекстандын премьер-министри жана Иран менен Кубанын делегация башчылары катышты.
Мындан тышкары, Касымалиев ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары менен бирге Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Тараптар биримдиктин алкагындагы интеграциялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Касымалиев делегация башчылары менен бирге «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышып, анын пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Көргөзмө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ар түрдүү өнөр жай тармактарынын өкүлдөрүн, инновациялык компанияларды, инвесторлорду жана мамлекеттик органдарды бириктирген аянтча болду.