Египет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөт

24.10.2026 | 13:32
Египет вводит новые правила въезда для туристов с 1 ноября — Новости Кыргызстана

Египет 2026-жылдын 1-ноябрынан тарта өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жаңы эрежелерге ылайык:

  • Өз алдынча саякаттагандар Египеттин Астанадагы элчилигинен же чет өлкөлөрдөгү башка дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн алдын ала виза алышы керек.
  • 16 жаштан 40 жашка чейинки туристтер атасы, апасы, жубайы же баласы менен бирге саякаттоого тийиш.
  • Ар бир адамдын жанында кеминде 3 миң доллар накталай акча болушу керек. Ал эми бир топ болуп саякаттаган үй-бүлөдө 5 миң доллар болушу зарыл.
  • Туроператорлор туристтердин телефон номерлерин каттоого, алардын өлкөдө болуу программасын алдын ала түзүүгө жана топтун мүчөлөрүнүн паспортторун өлкөдөн чыкканга чейин сактоого милдеттүү.
  • Туристтик визада көрсөтүлгөн сапардын максатын башка максатка өзгөртүүгө болбойт.

ТИМ кыргызстандыктарга авиабилеттерди сатып алардан мурда өлкөгө кирүү талаптарын тактап, виза алуу үчүн алдын ала кайрылууну сунуштайт.

Scroll to Top