Ооганстан БА үчүн башкы террордук коркунуч бойдон калууда — КМШ АТБ

КМШ мейкиндигинде терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кырдаал татаал бойдон калууда жана мындан ары да начарлашы мүмкүн. Бул тууралуу 21-октябрда КМШга мүчө мамлекеттердин Антитеррордук борборунун (КМШ АТБ) бөлүм башчысы Андрей Гузеев билдирди.
«Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору уюштурган «Аймактык коопсуздуктун тренддери — 2026: Борбор Азиядагы кырдаал көз карандысыздыктын 35 жылында кандай өзгөрдү» аттуу тегерек столдо сүйлөп жатып, ал өткөн жылы терроризмдин глобалдык индекси төмөндөгөнүнө карабастан, дүйнөнүн айрым аймактарында террордук активдүүлүк өсүп жатканын белгиледи.
Гузеев терроризмдин жайылышынын негизги себептеринин бири катары мамлекеттик көзөмөлдү алсыратып, радикал топтордун иштешине шарт түзгөн жөнгө салынбаган мамлекеттер аралык чыр-чатактарды атады.
Жакынкы Чыгыш: чыр-чатактар жана терроризмдин жайылуу коркунучу
КМШ АТБнын өкүлүнүн айтымында, өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы окуялар кооптонууну жаратууда.
«Иранга карата америкалык-израилдик аскердик агрессия бүтүндөй эл аралык коопсуздук системасы үчүн олуттуу чакырык болуп калды. Критикалык инфраструктура объекттерине сокку уруу, дүйнөлүк деңгээлде энергия ресурстарын жана азык-түлүктү жеткирүүнүн бузулушу, ошондой эле ири шаарлардын жашоо-тиричиликти камсыздоо тутумдарын кыйратуу коркунучу окуялардын чордонунан алыс жайгашкан миллиондогон адамдарга таасир этиши мүмкүн болгон масштабдуу катастрофага шарт түздү», — деди Гузеев.
Анын баамында, кырдаалдын мындан аркы эскалациясы массалык миграцияны жана Ливия менен Ирактагы кагылышуулардын кесепеттерине тете гуманитардык кризисти жаратышы ыктымал. Бул тобокелдиктерге Иран менен чектеш КМШ өлкөлөрү — Азербайжан, Армения жана Түркмөнстан кабылышы мүмкүн.
Гузеев Жакынкы Чыгыштагы террордук активдүүлүктүн эң ири очокторунун бири деп атаган Сирияда да татаал абал сакталууда.
Анын айтымында, өлкөнүн борбордук жана чыгыш райондорундагы созулган куралдуу кагылышуулардын шартында ИГИЛ топтору жанданып, аларга башка террордук уюмдардын мүчөлөрү кошулууда.
Ал Сириянын түндүк-чыгышындагы Аль-Хол лагеринен 2026-жылдын февралында ИГИЛдин 20 миңден ашык тарапташынын массалык түрдө качышына өзгөчө көңүл бурду. КМШ АТБнын өкүлүнүн баалоосу боюнча, бул аймактын чегинен тышкары чыга турган потенциалдуу террордук коркунучту жаратат.
Африка: терроризм жана уюшкан кылмыштуулук
Гузеевдин айтымында, Африка континенти, өзгөчө Сахелде жана Батыш Африкада, жогорку террордук активдүүлүктүн аймагы бойдон калууда.
Ал жакта «Ислам мамлекети», «Боко харам», «Аль-Каида» жана башка террордук уюмдар менен байланышкан топтор аракеттенүүдө.
«Чөлкөмдө согушкерлерди, баңгизаттарды жана курал-жарактарды ташуу үчүн көмүскө логистиканы колдонгон уюшкан кылмыштуулуктун, террордук түзүмдөрдүн жана этникалык куралдуу топтордун жакындашуусу байкалууда. Террорчулар тарабынан ири шаарларды экономикалык блокадага алуу тажрыйбасы кайра жанданды», — деп белгиледи Гузеев.
Борбор Азия үчүн коркунучтардын негизги булактары
КМШ өлкөлөрү, баарынан мурда Борбор Азия үчүн террордук коркунучтардын башкы тышкы булагы катары Гузеев ооган-пакистан чыр-чатак аймагын атады.
«Бул жерде эң чоң коркунучту «Ислам мамлекети — Хорасан вилаяты» туудурат. Тарткан жоготууларына карабастан, топ согуштук жөндөмүн, каржылоо булактарын, машыгуу инфраструктурасын жана Ооганстандан тышкары жерлерде чабуулдарды пландаштыруу мүмкүнчүлүгүн сактап келет», — деп баса белгиледи КМШ АТБнын өкүлү.
Шериктештик өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын көз кырында Ооганстандын аймагында иш алып барган «Аль-Каида», «Техрик-е Талибан Пакистан», «Жамаат», «Ислам жихадынын союзу» жана башка, анын ичинде Борбор Азиядан чыккандарга багытталган топтор да бар.
Гузеевдин айтымында, ар кандай террордук уюмдардын согушкерлерин биргелешип даярдоо, Ооганстандын түндүк провинцияларында таяныч пункттарын түзүү, чек аранын начар көзөмөлдөнгөн тилкелерин чалгындоо, ошондой эле дрондорду колдонууга жана колго жасалган жарылуучу түзүлүштөрдү жасоого үйрөтүү учурлары катталууда.
«Эмгек мигранттарынын арасынан КМШ мамлекеттеринин жарандарын азгырып алуу жана мурда укук коргоо органдарынын көзүнө түшпөгөн согушкерлерди үчүнчү өлкөлөр аркылуу өткөрүү аракеттери өзгөчө тынчсызданууну жаратат. 2025–2026-жылдары тажик-ооган чек арасында болгон окуялар бул коркунучтардын актуалдуулугун тастыктайт», — деди ал.
Туруксуздуктун кошумча фактору катары Гузеев Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы мамилелердин курчушун атады. 2026-жылдын февралында Кабул менен Кандагарга урулган соккулардан кийин созулган чыңалуу ачык кагылышууга айланган.
КМШ АТБнын өкүлү бул тирешүүнүн уланышы калктын миграциясын күчөтүп, чек ара көзөмөлүн алсыратып жана «Ислам мамлекети» менен пакистандык талибдерди кошкондо, террордук топтордун ишмердүүлүгү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүшү мүмкүн деп эсептейт.
Диверсиялардын жана аралыктан азгыруунун тобокелдиктери
Орусия менен Беларустагы кырдаалга токтолуп, Гузеев диверсия жасоого даярдалган адамдардын кирип кетүүсү, курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана жарандарды бүлүк салуучу ишмердүүлүккө тартуу тобокелдиктери сакталып жатканын белгиледи.
«Террордук чабуулдарды жасоо үчүн дрондорду, жарылуучу заттарды колдонуу, ошондой эле диверсияларды аралыктан уюштуруу тажрыйбасы кеңейүүдө. Транспорт, энергетика жана электр инфраструктурасы объекттерине кол салуу үчүн социалдык жактан аялуу адамдарды аралыктан азгыруу өзгөчө коркунуч жаратат», — деди ал.
Террорчулардын жогорку технологияларды колдонуусу
Гузеев маалымат мейкиндигин жигердүү колдонууну террордук коркунучтардын өсүшүнүн негизги факторлорунун бири деп атады.
Анын айтымында, эл аралык террордук уюмдар өз үгүт-насаатын биринчи кезекте жаштарга, эмгек мигранттарына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле онлайн-оюндардын жана жабык санариптик коомдоштуктардын колдонуучуларына багыттоодо.
«Адистер айрым учурларда радикалдашуу мезгили бир нече жумага чейин кыскарганын белгилешүүдө. Азгыруу үчүн көп баскычтуу схемалар колдонулат: ачык платформаларда сыртынан бейтарап көрүнгөн диний жана социалдык контентти таратуудан баштап, жабык чаттарга, шифрленген мессенджерлерге жана жеке көрсөтмөлөрдү берүүгө чейин. Жасалма интеллект технологиялары террорчуларга пропагандалык материалдарды конкреттүү аудитория үчүн ыкчам которууга жана ыңгайлаштырууга, санариптик алып баруучуларды түзүүгө, сүрөттөр менен видеороликтерди синтездөөгө мүмкүндүк берет», — деп түшүндүрдү Гузеев.
Мындай аракеттердин максаты — жалгыз аткаруучуларды табуу, тымызын ячейкаларды түзүү, каражат топтоо жана теракт жасоо ыкмаларын аралыктан үйрөтүү.
КМШ АТБнын божомолу
Гузеевдин баамында, жакынкы келечекте КМШ мейкиндигинде терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү абал татаалдашуу багытын сактап калат.
«Ооган багытында түндүк провинцияларда террордук инфраструктуранын мындан ары чыңдалышы, Шериктештик жарандарын даректүү азгыруунун уланышы, ошондой эле адамдарды, курал-жаракты жана каржы каражаттарын ташуу үчүн контрабанда каналдарын кыйла жигердүү колдонуу күтүлүүдө. Ооган-пакистан тирешүүсүнүн уланышы «Ислам мамлекети» жана ага союздаш топторго Дюранд сызыгында эркин маневр жасоого шарт түзөт», — деди ал.
Reporter.kg маалымкаты: Дюранд сызыгы — Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы узундугу болжол менен 2640 чакырымды түзгөн чек ара. Ал 1893-жылы британ дипломаты Генри Мортимер Дюранд менен Ооганстандын эмири Абдур-Рахмандын ортосундагы келишимдин негизинде белгиленген.
Сирия багытында чет элдик согушкерлердин формалдуу түрдө легалдаштырылган куралдуу түзүмдөрдөн, абактардан жана лагерлерден чыгып кетүү коркунучу сакталууда. Алар аракеттеги террордук уюмдарга, баарынан мурда ИГИЛге кошулушу, ошондой эле өз өлкөлөрүнө кайтып барышы же үчүнчү мамлекеттер аркылуу өтүшү мүмкүн.
Маалыматтык чөйрөдө террордук пропаганданын жеке адамга багытталышы, анын тилдик камтуусунун кеңейиши жана террордук аракеттерди пландаштыруу менен координациялоо үчүн жасалма интеллектти жигердүү колдонуу болжолдонууда.
Мындан тышкары, каржы инструменттерин санариптештирүү шартында террордук уюмдар КМШ АТБнын баамында, өз ишмердүүлүгүн каржылоонун жаңы жолдорун, анын ичинде криптовалюталарды колдонуу аркылуу издешет.
«АТБнын баалоосу боюнча, түздөн-түз Шериктештик мейкиндигинде коркунучтардын ишке ашуусунун эң ыктымалдуу формалары катары автономдуу чакан топтордун ишмердүүлүгү, тымызын ячейкаларды түзүү аракеттери жана аралыктан тартылган жалгыз аткаруучулардын аракеттери кала берет. Адамдар көп топтолгон жайлар, транспорттук инфраструктура, ошондой эле чек арага чектеш аймактар өзгөчө көңүл бурууну талап кылат», — деп баса белгиледи Гузеев.
Аймактын коопсуздугуна жаңы коркунуч
Гузеев террордук топтор тарабынан учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) колдонуунун өсүп жаткан коркунучуна өзүнчө токтолду.
Ал бул маселе БУУнун программалык кеңсесинин өкүлү Андрей Селезневдин сөзүндө да көтөрүлгөнүн белгиледи.
«Биз «Талибан» учурда учкучсуз аппараттарды колдонууга жигердүү даярданып жатканын билебиз: операторлорду окутуу, учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алуу жүрүп жатат. Украинадагы кырдаал учкучсуз техниканы колдонуунун мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү. Мамлекеттер, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр, маанилүү инфраструктурага террордук чабуул жасоо үчүн мындай түзмөктөрдү колдонуудан жетиштүү деңгээлде корголгон эмес. Ошондуктан мына ушул факторду да белгилеп кетким келет», — деп сөзүн жыйынтыктады Гузеев.
Анара Мамытова