Аксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат

Президент Садыр Жапаров 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Аксы районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана пландар менен таанышты. Ага акыркы беш жылда райондо мамлекеттик жана жеке инвестициялардын эсебинен 78 объект пайдаланууга берилгени маалымдалды.
Мамлекет тарабынан 65 объект курулуп, капиталдык салымдардын көлөмү 3 млрд 435,7 млн сомду түзгөн. Алардын арасында 10 мектеп, 15 бала бакча, маданият үйү, аэропорт, 11 спорттук объект, 10 фельдшердик-акушердик пункт, 3 административдик имарат жана 6 кызматтык үй бар. Мындан тышкары, 178 чакырым жолго асфальт төшөлгөн.
Жеке инвестициялардын эсебинен 888,3 млн сомго 13 объект курулган. Алардын катарында тигүү фабрикасы, тигүү цехи, үч туристтик объект жана эки чакан ГЭС бар.
Учурда райондо 11 мектептин, 2 бала бакчанын, 4 спорттук объекттин жана 4 административдик имараттын курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле канализация жана тазалоочу курулмаларды куруу, 26 чакырым жолго асфальт төшөө жана «Жел-Тийбес» насостук станциясынын 5,6 чакырымдык түтүктөрүн алмаштыруу долбоорлору ишке ашырылууда. Мындан тышкары, туристтик объекттерге транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, чек арага жакын аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүү жана соода аянтчаларын жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Сугат тармагындагы иштерге да өзүнчө көңүл бурулду. 2021–2026-жылдары ирригацияны өнүктүрүүгө 378,3 млн сом каралган. Анын 172,7 млн сому 2026-жылга туура келет. Сугат жерлеринин аянтын 7 400 гектардан 8 050 гектарга чейин көбөйтүү пландалууда.
2017–2026-жылдарга карата ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында Ак-Терек каналын куруу уланууда. Долбоордун баасы 900 млн сомду түзөт. Курулуш иштерин 2026-жылдын төртүнчү чейрегинде аяктоо пландалган.
Каналдын узундугу 7,4 чакырымды түзөт. Анын ичинде 2,44 чакырымдык тоннель бар. Суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү секундасына 9 куб метрди түзөт. Канал ишке киргенден кийин 4 408 гектар жерди сугарууга шарт түзүлөт.
Энергетика тармагында Кош-Дөбө айыл аймагынын Сары-Жайык участогунда кубаттуулугу 250 МВт болгон күн электр станциясын куруу пландалууда. Долбоор «Новтек Технология» ЖЧКсынын катышуусунда ишке ашырылат. Аны куруу үчүн 364,4 гектар жер бөлүнүп, инвестициянын көлөмү 120 млн доллар деп белгиленген.