Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салды

18-октябрда Кыргызстандын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, архитектор Эдил Айдарбеков 79 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Эдил Айдарбеков 1947-жылдын 21-февралында Ысык-Көл районунун Бостери айылында туулган. 1970-жылы Фрунзе политехникалык институтунун архитектура-курулуш факультетин бүтүргөн. 1976-жылдан тартып СССР Архитекторлор союзунун мүчөсү болгон.
Эмгек жолунда «Кыргызгипрострой» жана «Фрунзегорпроект» институттарында архитектор болуп эмгектенген. Ошондой эле Н. Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунда ага окутуучу кызматын аркалаган.
Ал Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков менен биргеликте 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун долбоорун иштеп чыккан.
2011-жылы «Даңк» медалы менен сыйланып, 2022-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамын алган.