МСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Маманов 23-октябрда Душанбе шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 33-жыйынына катышты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн салык органдарынын кызматташтыгы, салыктык башкарууну өркүндөтүү, маалыматтарды жана документтерди электрондук алмашуу, ошондой эле эл аралык салыктык кызматташтык маселелери талкууланды. Мындан тышкары, чакан бизнести жана өз алдынча иштеген жарандарды салыкка тартуу, салык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр жана салык органдарынын ортосунда маалымат алмашуу маселелери каралды. Жасалма интеллектке, тобокелдиктерди башкаруу системаларына жана заманбап аналитикалык куралдарга өзгөчө көңүл бурулду.
Маманов Кыргызстанда салыктык башкарууда жана салык төлөөчүлөрдү тейлөөдө жасалма интеллектти колдонуу тажрыйбасы тууралуу баяндама жасады. Ал санариптештирүүнү салык органдарын өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири деп атады.
«Жасалма интеллектти киргизүү маалыматтар менен натыйжалуу иштөөгө, тобокелдиктерди өз убагында аныктоого, процесстерди автоматташтырууга жана салыктык башкаруунун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деди ал.
Кеңештин эксперттери 1999-жылдагы салык мыйзамдарынын сакталышы жана бул чөйрөдөгү мыйзам бузууларга каршы күрөшүү боюнча кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун макулдашты. Катышуучулар жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарышты.
Үлүштүк катышуу тууралуу маалымат алмашууну кеңейтүү боюнча өкмөттөр аралык протоколдун долбоорун КМШнын Экономикалык кеңеши жактырган. Аны 2026-жылдын декабрь айында Москвада кол коюу пландалууда.
Ошондой эле салык кызматкерлерин кардарга багытталган тейлөөгө үйрөтүү боюнча эки деңгээлдүү программа иштелип чыгып, КМШ Аткаруу комитетинин сайтына билим базасын жайгаштыруу каралган.