Базар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келет

23.09.2026 | 14:50
Базар-Коргон — Кызыл-Үңкүр жолу үч жылдан ашык убакыттан бери бүтпөй келет — Новости Кыргызстана

Базар-Коргон — Кызыл-Үңкүр автожолунун курулушу үч жылдан ашык убакыттан бери уланып келет, бирок ушул күнгө чейин аяктай элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков билдирди.

Депутаттын айтымында, жолду куруп жаткан компания ишин токтоткон. Буга Транспорт министрлиги тарабынан каржылоонун бөлүнбөй жатканы себеп болгон.

Парламентарий бул жол жаңгак токойлору жана кооз жаратылышы менен белгилүү аймакка алып барарын белгиледи. Жай мезгилинде бул жерге туристтер жана эс алуучулар көп келишет. Бирок курулуштун бүтпөй жатканына байланыштуу жергиликтүү тургундар жана аймакка келгендер үч жылдан бери чаң жутуп келишет.

Анын айтымында, жолду капиталдык куруу боюнча келишим үч жыл мурда 320 млн сомго түзүлгөн. Бул аралыкта күйүүчү майдын, битумдун жана башка материалдардын баасы кымбаттап, жол куруу иштеринин наркына да таасирин тийгизүүдө.

Депутат Транспорт министрлигине тиешелүү тапшырма берип, каржылоону тездетүүнү жана автожолдун курулушун кыш келгенге чейин бүтүрүүнү өтүндү.

Scroll to Top