ПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам берет

ПРООН менен Кыргызстандын Башкы прокуратурасы киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү жана электрондук далилдер менен иштей турган адистерди даярдоо боюнча биргелешкен ишти күчөтүүнү пландоодо. Бул багыттар мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары катары аныкталганын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Бул пландар 25-сентябрда Бишкекте ПРООНдун коррупцияга каршы күрөшүү жана отчеттуулукту жогорулатуу боюнча долбоорунун Координациялык кеңешинин жыйынында талкууланды.
Башкы прокурордун орун басары Залкарбек Акназаров ПРООНдун колдоосу менен Кыргызстанда коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу боюнча методикалык материалдар жана онлайн-курстар иштелип чыкканын белгиледи. Ошондой эле прокуратура органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар окуудан өтүштү.
Тараптар бул ишти улантып, киберкылмыштуулукка жана электрондук далилдер менен иштей турган адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурууну көздөп жатышат.
Жыйында ошондой эле коррупциянын алдын алуу жаатындагы изилдөөлөрдүн жыйынтыктары сунушталып, эл аралык-укуктук кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.