Бишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болду

26.09.2026 | 15:08
Бишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болду — Новости Кыргызстана

Бишкекте Курманжан Датка көчөсүндөгү эки кабаттуу имаратта чыккан ири өрттөн бир адам каза болду. Анын сөөгү өрттү өчүрүү учурунда экинчи кабаттан табылганын Свердлов райондук ИИБи билдирди.

Өрт 26-сентябрда саат 08:00 чамасында чыккан. Имараттын биринчи кабатында техникалык тейлөө станциясы (СТО), ал эми экинчи кабатында тигүү цехи жайгашкан.

ӨКМдин маалыматына караганда, өрт болжол менен миң чарчы метр аянтты каптаган. Аны өчүрүүгө жети өрт өчүрүүчү бөлүм, штаб жана ыкчам топтор тартылган. Саат 09:22де өрт чектөөгө алынган.

Өрттү өчүрүү учурунда куткаруучулар имараттын экинчи кабатынан эркек кишинин сөөгүн табышкан.

Окуя болгон жер курчоого алынды. Факт Свердлов райондук ИИБинде каттоого алынып, учурда милиция текшерүү жүргүзүүдө жана окуянын бардык жагдайларын тактоодо.

Өрттүн келип чыгуу себеби аныкталууда.

Теги: пожар
Scroll to Top