Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачты

Президент Садыр Жапаров 26-сентябрда Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусун ачты.
Жалпы аянты 8 615 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу жаңы корпуста окуу аудиториялары, китепкана жана окуу залы, хореографиялык жана концерттик залдар, ошондой эле ашкана бар.
Президенттин айтымында, жаңы имаратты куруу чечими өткөн жылы окуу жайдагы орундардын жетишсиздигинен улам кабыл алынган. Сабак өтүү үчүн пайдаланылып келген мурдагы жатакананын имараты заманбап талаптарга жооп бербей калган.
Жаңы корпустун курулушуна Президенттик фонддон 990 миллион сом бөлүнгөн.
«Жаңы окуу корпусунун курулушу — улуттук маданияттын гүлдөп-өнүгүшүнө кошулган салым жана таланттуу жаштарыбыздын келечеги үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы», — деди Садыр Жапаров.
Президент ошондой эле окутуучуларга жана студенттерге кайрылды. Ал университеттин башкы байлыгы жаштардын жөндөмүн ачып, талантын өнүктүрүүгө жардам берген окутуучулар экенин белгиледи.
Жапаров университеттин милдеттери тууралуу айтып жатып, «Манас» эпосун, төкмө акындык жана айтуучулук өнөрдү, комуз чертүүнү, салттуу музыканы, улуттук театр менен хореографияны сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Ошол эле учурда, анын айтымында, улуттук искусствону заманбап технологиялар жана дүйнөлүк тенденциялар менен айкалыштырып, кыргыз маданиятын чет өлкөлөрдө активдүү жайылтуу зарыл.
Университет 1967-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институту катары негизделген. 1974-жылы окуу жайга Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылып, 2013-жылы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп өзгөртүлгөн. Учурда окуу жай улуттук макамга ээ.