Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Жети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
26.09.2026 | 13:13

Жети-Өгүз районунда өзүнүн турак жайы жок жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Райондук прокуратура жүргүзгөн текшерүү учурунда жетим бала В.К.нын турак жайы жок экени жана мыйзамда белгиленген тартипте турак жай менен камсыздалбаганы аныкталган.
Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин ага Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынан 600 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилди.
Ошондой эле балага жер тилкесине болгон укугун тастыктаган тиешелүү документтер берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Генпрокуратура