Жапаров Токаевге аскер кызматкерлеринин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

25.09.2026 | 09:44
Жапаров Токаевге аскер кызматкерлеринин каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Каспий деңизиндеги машыгуу учурунда аскер кызматкерлеринин курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Каспий деңизинде аскердик машыгууларды өткөрүү учурундагы каргашалуу окуянын кесепетинен Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлеринин курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Жапаров Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Эске салсак, трагедия 24-сентябрда Казакстандын Мангистау облусунда Аскер-деңиз күчтөрүнүн машыгуусу учурунда болгон. Такталган расмий маалыматтар боюнча, аба ырайынын кескин бузулуп, шамалдын күчөшүнөн улам деңизге 17 аскер кызматкерин агызып кеткен. 12 адам каза болуп, үчөөнү куткарып калууга мүмкүн болгон, дагы экөөнү издөө иштери уланууда.

Аскер кызматкерлеринин курман болгондугуна байланыштуу Казакстандын президенти 25-сентябрды жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Scroll to Top