«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМиКыргызстан курамасы тарыхта биринчи жолу Ливанды жеңдиКечинде «Ала-Арчадан» кетүү кыйын болууда — жетекчилик маселени чечүүнү убадаладыРоссияда чума оорусу катталганына байланыштуу Кыргызстанда чек ара көзөмөлү күчөтүлдүАба ырайы кескин сууктап, жаан жаайт: 5-октябрга карата аба ырайы
Ала-Арчада япониялык эки турист куткарылды — видео
07.05.2026 | 14:41
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары «Ала-Арча» жаратылыш паркындагы «Корона чокусу» үйүнүн аймагынан Япониянын эки жаранын эвакуациялашты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын 112 кызматына «Корона чокусу» үйүндө жүргөн Япониянын эки жаранынын биринин ден соолугу начарлап, жардам сурагандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.


Куткаруу иштерине ӨКМдин тоодон куткаруу кошуунунун сегиз кызматкери тартылып, алар аталган жайга жетип барып, жабыркаган жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Экинчи жарандын абалы туруктуу деп бааланган.


Жыйынтыгында чет элдик эки жаран тең тоодон түшүрүлүп, Бишкектеги ооруканалардын бирине жеткирилген.