ӨКМ башчысы Баткендеги сел кооптуу тилкелерде коргоо иштерин тездетүүнү тапшырды
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Баткен облусундагы сел кооптуу аймактарды текшерип, коргоо иш-чараларын даярдоону тездетүүнү тапшырды.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, министр Баткен районунун Ак-Татыр айылына барып, адистер менен биргеликте сел өтүүчү нуктун жээктерин бекемдөө жана алдыдагы жумуштар боюнча маселелерди карады.

13 миңден ашуун адам жашаган Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылында жаңы конуш үчүн коргоочу курулма салуу зарылдыгы белгиленди. Буга чейин жергиликтүү тургундар бул маселени Элдик курултайда Президенттин алдында көтөрүшкөнү айтылды.

Иш сапардын жыйынтыгында Чыныбаев долбоордук документтерди даярдоону аягына чыгарууну тапшырды. Андан кийин ӨКМ «Селден жана суу ташкындарынан коргоо» багытынын алкагында коргоо иш-чараларын ишке ашырууну пландаштырууда.

Ошондой эле ведомство башчысы Таян айылындагы «Ысырык жай» тилкесинде болду. Ал жерде узундугу 100 метрдей селден коргоочу курулма куруу керектиги аныкталды. Жергиликтүү бийлик долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзгөнү, ал эми ӨКМ долбоордун ишке ашырылышын көзөмөлгө алары кабарланды.

Мындан тышкары Кадамжай районундагы кырдаал каралды. Ал жерде 30-апрелде ички чарбалык жол катары колдонулган Тамаша-Сай нугу аркылуу сел жүргөн. Министр жеринде район акими менен маселени талкуулап, коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен чараларды белгилешти.