Алагөзов: Селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

Алагөзов: Селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт

Кыргызстанда селден жабыркагандарга жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

«Акыркы күндөрү жааган жамгырдан улам Кыргызстандын бир катар аймактарынын бир нече айылдарында сел жүрдү. Айрым кооптуу делген айылдардан жергиликтүү тургундар убактылуу көчүрүлүп кетүүдө. Селдин кесепетинен турак-жайлар, короо жайларга зыян келтирилген учурлар бар, бирок бул масштабдуу мүнөзгө ээ эмес», — дейт ал.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар жана Транспорт жана коммуникация министрлигинин жана башка мамлекеттик түзүмдөрдө селдин кесепеттерин жоюуга күчү, техникалык каражаттары жетиштүү.

«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, селдин жүрүшүнөн келтирилген зыяндын көлөмү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан такталып чыккан соң жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүлөт», — деди ал.

Эскерте кетсек, өлкөдө жаан-чачындын айынан Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын бир катар айылдарына сел жүрүп, үйлөрдү суу каптап, селдин кесепетинен 1 адам каза болду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>