Жаан жаайт: 19-июнга карата аба ырайынын божомолуАдылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керек
Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорукана ачылды
01.12.2020 | 09:27
Алай районунда 60 орундуу жугуштуу оорукана ачылып, колдонууга берилди. Бул тууралуу штабдан маалымдашты.
Аталган имарат 1996-жылы курулуп, мектеп катары колдонууга берилген. Пандемия маалында зарылчылыктан улам кайрадан оорукана катары иштетүү боюнча буйрук чыгарылып, оңдоп – түзөө , жабдуу жумуштары толук бойдон жергиликтүү бюджеттен, райондук өнүктүрүү фондунан жана жеке демилгелер менен ишке ашырылды.
Учурда толук бүткөрүлүп, жабдылган портативдуу рентген да орнотулган оорукана, коронавирус илдетин жугузуп алгандарды кабыл алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом