Бишкектин эстеликтери жана жоголгон символдору: мемориалдык картанын экинчи бөлүгү

Бишкек — мемориалдык тарыхы борбордук Ала-Тоо аянты жана Улуттук тарых музейи менен гана чектелбеген шаар. Reporter.kg Бишкектеги эң маанилүү эстеликтер жана айкелдер тууралуу гиддин экинчи бөлүгүн жарыялайт. Биринчи бөлүктө биз коло, темир, мрамор жана граниттен жасалган кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрү жана анын сакчылары: аскер, күч түзүмдөрүнүн, өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын кызматкерлери тууралуу айтып бергенбиз. Экинчисинде кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн өзүн курман кылгандар жана шаардын жоголгон эстеликтери тууралуу баяндайбыз.
Эркиндик, чындык жана келечек үчүн жашоо
Курман болгондорго арналган эстеликтердин биринчиси — 2002-жылы Жалал-Абад облусундагы Аксы окуяларынын жана 2010-жылдын Апрель окуяларынын курмандыктарын эскерүү монументи, ал Ала-Тоо аянтында жайгашкан. Эки жолу тең эл эгемендик алгандан кийин Кыргызстанды башкарган адамдардын аракеттерине каршы нааразылык акцияларына чыккан, эки жолу тең таштар ыргытылып, октор атылып, көчөлөрдө кан төгүлгөн. Монумент 2012-жылы пайда болгон, ал аткаминерлердин жана президенттердин алмашуусу менен Кыргызстанды жакырчылыктан, коррупциядан, кландык башкаруудан, тарифтердин өсүшүнөн жана кылмыштуулуктан арылтууга жана өзгөрүүлөргө ишенген 90дон ашык курман болгондордун элесине арналган.

Аянттан чыгыш тарапка карай бир квартал аралыкта Революция күрөшчүлөрүнүн гүлбагы жайгашкан, ал жерден кыргыз элинин революциялык ойгонуусун жана анын Октябрь революциясына катышуусун чагылдырган скульптуралык топторду көрүүгө болот. Композициянын борборунда колунда туу көтөргөн аялдын скульптурасы, анын прототиби катары реалдуу тарыхый инсан Уркуя Салиева болгон.
Салиева республиканын түштүгүндө төрөлгөн, комсомолго өткөн жана анын катчысы болгон алгачкы кыргыз кыздарынын бири болгон. 18 жашында Уркуя Кыргыз АССРиндеги Кызыл-Аскер деп аталган колхозду жетектеген биринчи кыз болгон. Ал 1920-жылдардын аягында Орто Азияда кулач жайган хужум кыймылынын — аялдардын тең укуктуулугу жана агартуу кампаниясынын активисти болгон.
Эл аны сыйлаган жана тарыхый маалыматтарга караганда, эл арасында Уркуяны «аял-аксакал» деп да аташкан. 22 жашында Салиева Ош облусунун Мерки-Муркут кыштак советинин төрайымы болуп шайланган. Ал эми 24 жашына бир нече күн калганда ал жолдошу Колдош менен биргеликте совет бийлигине жана анын реформаларына каршы чыккан басмачылар тобу тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Жаш үй-бүлө өз элинин жашоосун жакшы жакка өзгөртүүнү, бардыгы үчүн билим берүүнү жана өнүгүүнү каалагандыгы үчүн өз өмүрү менен төлөшкөн, үч бала жетим калган.

Өлтүргөндөр табылып, жазага тартылган. Техникалык жактан скульптор – Тургунбай Садыков менен архитектор Геннадий Кутателадзенин биргелешкен эмгеги. Ал Салиеванын өзүнүн айкели эмес, бирок эл арасында аны баары бир «Уркуя» деп аташат. Мурунку жылдары 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө аялдардын укуктары үчүн жүрүш ушул эстеликтин жанында өтүп келген. Ошондой эле анын жанында аялдар курман болгон же жапа чеккен трагедиялуу окуяларга байланыштуу акциялар өтүп турат.
Сквердин жанында, Баялинов атындагы китепкананын алдында, ар кайсы жылдары «Аргументы и факты в Кыргызстане» редакциясын жетектеген, «Белый пароход» басылмасынын негиздөөчүсү жана бир катар эл аралык сыйлыктардын лауреаты, журналист Геннадий Павлюктун жөнөкөй эстелиги бар.

Ал оппозиционер болгон, Ибрагим Рустембек деген лакап ат менен республиканын ошол кездеги бийлигин катуу сынга алган, кыргызстандык, казакстандык жана орусиялык ЖМКлар менен иштешкен. 2009-жылдын аягында Павлюк кызматтык сапар менен Алматыга барып, «Казакстан» мейманканасына жайгашкан. Ошол эле күндүн кечинде журналистти турак үйдүн кире беришинен көптөгөн жаракаттар менен эс учун жоготкон абалда табышкан.
Ал бир нече күндөн кийин эсине келбей ооруканада каза болгон. Аны алтынчы кабаттын терезесинен колу-бутун скотч менен байлап ыргытып жиберишкен. Кийинчерээк казак тергөөчүлөрү аныктагандай, анын өлүмүнө кесиптик ишмердүүлүгү себеп болгон. Буйрутма адам өлтүрүүнү УКМКнын мурдагы кызматкери болгон кыргызстандык жаран жана Казакстандын эки жараны ишке ашырган, алардын бардыгы узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.
2010-жылы Бишкекте Геннадий Павлюкка эстелик тургузулган. Каржылоону журналист менен активдүү кызматташып жүргөн «Ата Мекен» партиясы өзүнө алган. Бирок 2012-жылы акылга сыйбаган окуя болгон: борбор калаанын чок ортосунда видеобайкоо камераларынын көптүгүнө карабастан, монументти түнкүсүн уурдап кетип, бөлүктөргө араалап салышкан. Ошол эле жылы, Маалымат жана басма сөз күнүнө карата, мемориал калыбына келтирилген.
Биз жоготкон эркиндик
Эркиндик эстелиги — ал «шардагы аял», «түндүк көтөргөн периште» жана «кыргыз Эркиндиги» катары да белгилүү, 2003-жылы Ала-Тоо аянтынын борборунда пайда болгон. Ага чейин бул жерде дүйнөлүк пролетариаттын башчысы, аты республиканын советтик мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы менен байланышкан Владимир Лениндин эстелиги турган. Лениндин эстелигин Улуттук тарых музейинин артындагы скверге көчүрүшкөн.

«Эркиндик» монументи чачтары желбиреген, шардын үстүндө турган канаты бар аялды чагылдырып турган, ал эми башынан жогору көтөрүлгөн колдорунда ал түндүктү кармап турган. Башкача айтканда, аялдын колунда үйдүн жүрөгү, үй-бүлө очогу, көчмөндөр үчүн биримдиктин жана бакубаттуулуктун символу турган. Скульптор Тургунбай Садыковдун айкели республиканын жаңы жолунун символуна айланган. Бирок эстеликке каршы чыккандар да болбой койгон эмес. Бирөөлөргө кыргыз Эркиндиги католик периштесин, же болбосо, тескерисинче, кандайдыр бир «шайтандын символун» элестетсе, экинчилери — түндүктү аялдын кармап турушун кыргыз маданиятына жана каада-салтына болгон сыйлабастык жана жаман жышаан катары баалашкан, анткени көчүп-конууда жана боз үйдү тигүүдө түндүктү эркектер же эркек балдар гана көтөрө алышкан.
2011-жылы, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата «Эркиндиктин» тагдыры чечилген. Эстеликти демонтаждап, анын ордуна скульптор Базарбай Садыковдун «Айкөл Манас» аттуу атчан айкели орнотулган, аны да жакында эле улуттук баатырдын интерпретациясынын дагы бир вариантына алмаштырышты.
Азыр Бишкекте эркиндиктин урматына аталган Эркиндик бульвары гана калды, ал жерде эркиндиктин келишине шарт түзгөн жана аны даңазалаган мамлекеттик ишмерлердин, акындардын жана саясатчылардын айкелдери турат. Ал эми монументтин өзү кампаларда өз убагын күтүп жатабы, же эбак эле арааланып, биротоло тарыхка айландыбы, белгисиз.
Кайтарыла турган мурас
Шаар дээрлик жоготуп алган экинчи уникалдуу монумент — Тургунбай Садыковдун «Эл куту» аттуу эмгеги. Ал Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы Жаштар аллеясында турган, ысымдар жазылган такталары бар дарак формасындагы бош таш постамент. Эгер анын тарыхын билбесең жана композициясына үңүлүп карабасаң, аны авангарддык арт-объект катары кабыл алууга болот. Бирок андай эмес: бул монументтин тарыхы абдан кайгылуу.

25 жыл ичинде белгилүү кыргыз монументалисти кыргыз элинин 29 чыгаан уул-кыздарынын образын жараткан. Манасчы Саякбай Каралаев же эгемен Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев сыяктуу айрымдарын ал тирүү адамдан карап жасаса, Жеңижок, Барпы Алыкулов, Курманжан Датка, Жусуп Баласагын же Махмуд Кашгари сыяктууларды тарыхый жана адабий китептерде сакталып калган сыпаттамалар боюнча элестетип жасоого туура келген. Тургунбай Садыков аларды бир композицияга бириктирип, өз эмгектерин шаарга белек кылууну чечкен.
1995-жылы «Эл куту» шаарга өткөрүлүп берилген. Ал кезде өлкөнүн экономикалык абалы оор болчу. Бир нече жылдан кийин монументке вандалдар кол сала баштаган: аларды жез кызыктырган, ал эми Кыргызстандын тарыхы менен маданияты алар үчүн мааниге ээ болгон эмес.
Уурдалып, постаменттин өзүндө эле кесилип кеткенден аман калган скульптураларды автор жок болуп кетүүдөн сактап калуу үчүн кайра алып кеткен. Ал Бишкек мэриясы монументти реставрациялоону чечкенде, аларды кайтарып берүүгө даяр экенин билдирген.

Бирок 20 жылдан ашык убакыт өттү, шаар башчылары алмашууда, ал эми «Эл куту» монументи бош туруп, акырындап урап жатат. Ал ортодо скульптордун өзү 91 жашка чыкты, «Эл кутунун» бардык калыптары бүтүн болгонуна карабастан, ал дүйнөдөн кайткандан кийин скульптураларды калыбына келтирүү оңойго турбайт.
Елена Короткова