Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Казакстандан келген 23,8 тонна күрүч өлкөгө киргизилбей, артка кайтарылды
16.06.2026 | 10:40

«Чалдыбар автожолу» постунда Казакстандан келген 23 тонна 800 кг күрүч фитосанитардык текшерүүгө алынып, анын жыйынтыгында жүк кайра артка жөнөтүлдү. Айыл чарба министрлигинин маалыматында, аталган продукциянын таңгагында маркировка жоктугу аныкталган.
Евразия экономикалык комиссиясынын №157 чечимине ылайык, ар бир таңгакта продукциянын аталышы, чыгарылган жана экспорттогон өлкө тууралуу маалыматтар жазылышы шарт.
Министрлик маркировкасы жок жүктү алып кирүү ЕАЭБдин бирдиктүү фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналарын эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Айыл чарба министрлиги, Казакстан