КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү иши: Мамлекеттик лабораториянын жетекчиси кармалды
17.06.2026 | 11:15

УКМК кызматкерлери Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик мекемесинин директору М.К.З.ны кармашты.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек ЖЭБине жеткирилип жаткан көмүрдүн сапатын лабораториялык изилдөөлөрдүн көрсөткүчтөрүн жасалма түрдө жолжоболоштуруу жана ашырып көрсөтүү схемасы аныкталган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, шектүү ошондой эле жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында көмүр жеткирүү менен алектенген жеке компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөөгө көмөктөшкөн болушу мүмкүн. Мындай аракеттер борбор калаанын ЖЭБинин жабдууларынын иштөөсүнүн начарлашына алып келип, ошондой эле Бишкектеги экологиялык абалга терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги белгиленет.
Тергөө иш-чаралары улантылууда, ишке тиешеси бар бардык адамдар жана иштин жагдайлары такталып жатат.
Белгилей кетсек, ачык маалыматтарга ылайык, Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик мекемесинин директору Мурзабеков Кантемир Зулумович болуп саналат.