Бишкекте массалык түрдө уулануу катталды — 37 адам жабыркап, бирөө реанимациядаПрезидент бир катар маданият ишмерлерине Токтогул сыйлыгын ыйгардыКазакстанда курьер болуп иштеген энелер жөлөкпулдан кол жуушу мүмкүнАзамат Намазалиев Аксы районунун акими болуп дайындалдыКР Министрлер кабинети: ШКУга коопсуз маалымат мейкиндиги зарылКара-Көл шаарынын мэринин кызматтан алынуу себеби белгилүү болду — толук маалымат
Алайдагы базар мамлекеттин карамагына өттү
19.04.2024 | 12:39
Ош облусунун Алай районундагы 65 миллион 350 миң сомду түзгөн жай мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, мурдагы “Гүлша-автобекети” мыйзамсыз менчиктештирилген. Анын акцияларынын 70% ы, жалпы аянты 0,42 гектарга жакын жер тилкесин жана 135 чарчы метрди түзгөн административдик имараты сатылган.
Сатып алган тарап аны коомдук базар катары иштетип келген.
0,42 гектар жер тилкеси менен борбордук автобекет жана 135,0 чарчы метрди түзгөн административдик имарат ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды.