АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Олимпиаданын лицензиясы үчүн мелдеш: Токтомамбетов жарым финалга чыкты
19.04.2024 | 12:16
Эркин күрөш боюнча балбан Орозобек Токтомамбетов Бишкекте өтүп жаткан Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиялык лицензия мелдештин жарым финалына чыкты.
Токтомамбетов 74 кг салмакта күрөшүүдө. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында бахрейндик Магомед Аслуевди 7:1 эсебинде утту. Чейрек финалда индиялык Жайдип менен күч сынашты. Беттеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталып, артыкчылык упай Токтомамбетовдо болгондуктан, жеңиш ага ыйгарылды.
Жарым финалда Токтомамбетов өзбекстандык Бекзод Абдурахмонов менен күрөшөт. Беттештер саат 18:00до башталат.
Белгилей кетсек, жарым финалда жеңүүчү болгон спортчу Олимпиада оюндарына жолдомо алат.