КР Министрлер кабинети: ШКУга коопсуз маалымат мейкиндиги зарыл

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөр коопсуз маалымат мейкиндигин түзүүгө умтулушу керек, деп билдирди 19-июнда КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов ШКУга мүчө-мамлекеттердин медиафорумунда.
Анын айтымында, дүйнөлүк медиамейкиндик санариптештирүүнүн, маалыматтык технологиялардын тез өнүгүшүнүн жана жасалма интеллекттин таасири астында масштабдуу трансформацияны башынан кечирүүдө.
«Бүгүнкү күндө маалымат дээрлик көз ирмемде тарап, коомдук пикирге жана эл аралык процесстерге түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Заманбап маалымат чөйрөсү жаңы мүмкүнчүлүктөр менен катар олуттуу чакырыктарды — улуттук кызыкчылыктарды коргоо зарылчылыгын, такталбаган маалыматтарга каршы күрөшүүнү жана киберкоопсуздук коркунучтарын да алып келүүдө», – деди Минкаб төрагасынын орун басары.
Маматканов бул чакырыктар катышуучу-өлкөлөрдөн жоопкерчиликтүү мамилени жана тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кыларын, ошондой эле форум катышуучуларга медиачөйрөнүн өнүгүү тенденцияларын, жаңы технологияларды киргизүүнү жана журналистиканын кесиптик этикасы маселелерин талкуулоого жардам берерин баса белгиледи.
Ал Кыргызстан уюмга мүчө-мамлекеттердин журналисттик коомчулуктарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнү жана заманбап санариптик чечимдерди киргизүүнү ырааттуу түрдө колдоорун айтып, форумдун жыйынтыктары ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы ишенимди жана ынак коңшулукту бекемдөөгө салым кошот деген үмүтүн билдирди.