Азамат Намазалиев Аксы районунун акими болуп дайындалды

19.06.2026 | 12:07
Азамат Намазалиев назначен акимом Аксыйского района — Новости Кыргызстана

Максатбек Саргазаков Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка 2025-жылдын мартында дайындалган болчу.

Анын ордуна Аксынын мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп Азамат Намазалиев дайындалды. Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы аким Азамат Намазалиев 49 жашта. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында туулган. Эмгек жолунда Бишкек шаардык прокуратурасында өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү, Чүй жана Жайыл райондорунун прокурорунун орун басары кызматтарында иштеген.

2018-2019-жылдары Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким, ал эми 2019-2020-жылдары Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенген. Кийинчерээк «Юргарант» ЖЧКсынын директору болуп иштеп, 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн.

Scroll to Top