«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Путин Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиевди «Достук» ордени менен сыйлады
13.06.2026 | 10:05

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиевди «Достук» ордени менен сыйлады. Тиешелүү жарлык укуктук маалыматтарды расмий жарыялоо сайтына жайгаштырылды.
«Орусия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту, укук тартибин бекемдөөгө жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мейкиндигинде жарандардын укуктарын коргоого кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Асаналиев Максат Кубатович «Достук» ордени менен сыйлансын», — деп айтылат жарлыкта.
Reporter.kg маалымдамасы: «Достук» ордени — Орусия Федерациясынын 1994-жылы негизделген мамлекеттик сыйлыгы. Ал элдер арасындагы тынчтыкты жана достукту чыңдоодогу өзгөчө эмгеги, экономикалык жана илимий потенциалды өнүктүрүү, ошондой эле маданияттарды жакындатуудагы жемиштүү ишмердиги үчүн берилет. Бул орден менен Орусиянын жарандары да, чет өлкөлүк жарандар да сыйланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом