Бишкекте массалык түрдө уулануу катталды — 37 адам жабыркап, бирөө реанимацияда

Бишкекте тамак-аштан массалык түрдө уулануунун кесепетинен 37 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 10 бейтап ооруканага жаткырылып, бирөө жан сактоо (реанимация) жана интенсивдүү терапия бөлүмүндө жатат, ал эми 27 бейтапка амбулатордук дарылануу дайындалды. Бул маалыматты Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен Reporter.kg’ге тастыкташты.
Мекеменин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-июнунда саат 12:00дөн тарта Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө тамак-аш токсикоинфекциясынын (уулануунун) белгилери менен бейтаптар келип түшө баштаган.
«Эпидемиологиялык анамнездин негизинде ооругандардын бардыгы Бишкектеги медреселердин биринде «Оливье» салатын жегени аныкталган. Бейтаптардын заңынан дизентерия тобуна жана сальмонеллезго анализдер, ошондой эле ашказанды жууган суунун үлгүсү алынды», — деп айтылат маалыматта.
Стационардык дарыланууда жаткан бейтаптар оорукананын эсебинен керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган. Бүгүнкү күнгө карата бейтаптардын абалы орточо оордукта деп бааланууда.