Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Президент бир катар маданият ишмерлерине Токтогул сыйлыгын ыйгарды
19.06.2026 | 12:44

Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар маданият жана искусство ишмерлерине Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Адабият жаатындагы мамлекеттик сый акы жазуучу Ишен Айтмамбетовго «Бет-Алман» тарыхый романы үчүн ыйгарылды. Ал эми музыкалык искусство жаатында сый акы «Боз жорго» музыкалык чыгармасы үчүн композитор-обончу Түгөлбай Казаковго берилди.
Ошондой эле Токтогул сый акысы Кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатындагы Токтогул сый акысы «Кыргызфильм» киностудиясынын сценаристи жана кинорежиссеру Абдыкадыр Тилекке Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн ыйгарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият
Теги: Маданият, Президент Садыр Жапаров