Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызстанда чет өлкөлүк мамлекеттик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтү узартылды
16.06.2026 | 09:15

Президенттин жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды, – деп билдирет ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ).
Айып аянтчаларында турган унаалардын ээлери өз унааларын алып чыгып, мыйзамдаштыруу процедурасынан өтүү үчүн ЖКККББнын аймактык бөлүмдөрүнө кайрыла алышат. Бирок, бул үчүн бардык айып пулдарды жана милдеттүү төлөмдөрдү толугу менен төлөө зарыл.
Айып аянтчаларында турган транспорт каражаттары үчүн сактоонун жеңилдетилген тарифи — суткасына 50 сом деп белгиленди. Ошондой эле сактоо үчүн чегерилген жалпы суммадан 50 пайыздык арзандатуу берилет.
Мекеме жарандарды автоунааларды мыйзамдаштырууну кечиктирбөөгө жана берилген мүмкүнчүлүктөн 1-сентябрга чейин пайдаланып калууга чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: госномер, Кыргызстан