Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирдиБишкектеги эң кызыктуу 5 кичи-мейманкана: кино көрсөтүүлөр, экскурсиялар, унаа ижарасы
Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип 4 жаран колго түштү
11.02.2022 | 16:00
2022-жылдын 8-февралында Аламүдүн РИИБине бир нече жаш балдар жана кыздар түн ичинде Таштар-Ата айылына жакын жердеги панорама тилкесинде күч колдонуу менен алып кетишкен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Белгисиз адамдар алардан эки уюлдук телефон жана 10 миң сом акчаларын алып коюшканын арызында көрсөтүшкөн.
Бул факты боюнча ИИМ тарабынан 206-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө каракчылыкка шектелип 1992-жылы туулган Т.Ж., 1993-жылы туулган А.У., 1988-жылы туулган Ж.Т., 1989-жылы туулган О.А. кармалышкан.
Маалым болгондой, кармалгандар Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар