Аламүдүндө 3 миң долларлык алтын уурдоого шектүү кармалды

Аламүдүндө 3 миң долларлык алтын уурдоого шектүү кармалды

Аламүдүн районунда уурдоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-июль күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Б.Е. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал 1-3-июль күндөрү белгисиз адамдар үйүнө кирип, жалпы суммасы 3000 долларга бааланган алтын жана күмүш буюмдарын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Аламүдүн РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү катары 21 жаштагы П.Р. аттуу жаран кармалып убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурдоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>