Кыргызстан жаңы коркунучтарга даярданышы керек — Таалайбек ОроскуловТүндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолунун таш түшкөн тилкеси бир тараптуу ачылдыФилиппиндин түштүгүндө катуу жер титирөө болуп, каза тапкандар 15ке жеттиКыргызстанга коруктарга жана жаратылыш парктарга заманбап өткөрүү пункттары курулатСоң-Көл көлүнөн бир чакырымдан ашык браконьердик торлор чыгарылдыКыргыз мамлекеттик спорт академиясы масштабдуу түрдө реконструкцияланат
Президенттердин жолугушуусу. Коопсуздукту миңден ашык милиция камсыздайт
18.07.2022 | 17:14
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин Ысык-Көлдө боло турган жолугушуусунун коопсуздугун миңден ашык милиция кызматкерлери камсыздайт. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов маалымат жыйында билдирди.
Белгилей кетсек, 20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу өтөт.
Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-чарага ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын да өздүк курамы толугу менен тартылып, күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом