Үй камагына чыккан А.Ширшов тууралуу эл билбеген фактылар

Үй камагына чыккан А.Ширшов тууралуу эл билбеген фактылар

Биринчи май райондук соту «Дастан» ишканасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду ушул жылдын 26-майына чейин үй камагына чыгарды. Ал 10-майда коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген эле.

Буга чейин УКМК маалымдагандай, «Аврора плюс» эс алуу борборунун аймагындагы мамлекеттик менчиктен кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз алып коюу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирип жаткан.

Иштин алкагында бизнес өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүүсү боюнча фактылар аныкталып, натыйжада  кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттедж коррупциялык жолу аркылуу жеке менчикке өтүп кеткен. Ысык-Көл райондук жана облусттук сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку сотунун судьяларын, ошондой эле Президенттин Аппаратынын, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын тартуу менен Мүлк фонду жана Мамлекеттик каттоо кызматы да аралашкан.

Тергөө учурунда аталган кыймылсыз мүлктү мамлекеттин менчигинен алуунун негизги уюштуруучуларынын бири катары буга чейин кармалган адамдардан тышкары белгилүү Алексей Ширшов экени аныкталган.

Бул коррупциялык схеманы түзүүнүн натыйжасында Ысык-Көл облусунун рекреациялык зонасында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигинен алуу түрүндө мамлекеттин кызыкчылыгына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Иште топтолгон далилдердин негизинде 2022-жылдын 10-майында Алексей Ширшов КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө (Коррупция) каралган кылмышты жасаган деген шек менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Серый кардинал» аталган Алексей Ширшов тууралуу негизги фактылар

-Алексей Юрьевич Ширшов, 1976-жылы Кыргызстанда туулуп өскөн;

— Курманбек Бакиев президент болуп турган жылдары Алексей Ширшов анын уулу Максимдин жакын чөйрөсүндө болгон;

— «Северэлектро» ААКтын финансылык директору болгон;

— Ширшовду Кыргызстандын энергетикадагы «серый кардинал» деп аташкан;

— 2007-жылы «Электр станциялары» ААКтын финансылык директору болгон;

— 2007-жылдын декабрь айынан тартып 2010-жылга чейин «Дастан» ААК трансулуттук корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген;

— 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардан кийин өлкөдөн качып чыккан. Андан кийин кайтып келип, Максим Бакиев менен кызматташа баштаган;

— Ширшов Акаевдин үй бүлөсүнө таандык яхтаны менчигине чыгарып алган;

— Ысык-Көлдөгү бир нече пансионаттарда үйлөрү бар, жада калса чакан менчик учагы да болгон;

—  Ширшов Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин Украина жана Латвияда бизнес жасаганы айтылат;

— Ал “Интерпол” аркылуу изделип жаткан адамдардын катарында болгон.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>