“Коррупция менен күрөш ушундайбы?” Депутат Ширшовдун үй камагына бошотулганына нааразы

“Коррупция менен күрөш ушундайбы?” Депутат Ширшовдун үй камагына бошотулганына нааразы

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев кечээ камакка алынып, кайра үй камагына чыгарылган Алексей Ширшовдун иши боюнча маселе көтөрдү.

Анын айтымында, ал 28-апрелде Чек ара кызматына Алексей Ширшовдун Кыргызстанга акыркы бир жыл ичинде канча жолу кирип чыкканын билүү максатында кат жөнөткөн.

Алексей Ширшов деген фамилия “коррупциялык схема” деген сөздүн синоними, ал Интерполдун издөөсүндө болгонуна карабай, Кыргызстанга кенен кесири кирип жүргөн. 28-апрелде Чек ара кызматына кат жөнөтүп, анын өлкөгө канча жолу кирип чыкканын сурадым. Эмнеге ал суракка чакырылган жок? Коррупциялык схеманын негиздөөчүсү жарым сутка камалып туруп, кайра бошотулуп жатат. Коррупция менен күрөш ушундайбы? Ширшовдун схемалары Кыргызстанда кайра иштеп баштадыбы? Бул иш Кыргызстанда жүрүп жаткан коррупциялык иштердин баарына көө жапты. Мындай окуялар кайталанбашы керек”, — деди депутат.

Буга чейин Биринчи май райондук соту «Дастан» ишканасынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду ушул жылдын 26-майына чейин үй камагына чыгарган. Ал 10-майда коррупцияга шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>