Алтын камтыган руданы жана концентраттарды ташып чыгууга тыюу салуу алынды. Бул тууралуу жарлыкты президент Садыр Жапаров жокко чыгарды.
Алтын кендеринен казылып алынган руданы экспорттоого 2022-жылы бөгөт коюлган. Анда «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ААКка алтын камтыган руданы жана концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилип жатканы айтылган.