Алдап алган алтынды күрөөгө коюп, 18,5 миң доллар алган аял кармалды

Алдап алган алтынды күрөөгө коюп, 18,5 миң доллар алган аял кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелип, издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 22-апрелинде Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал «А» жана «Э.» аттуу чала тааныш эки аялга чара көрүүнү өтүнүп, 2022-жылдын 1-февралында Бишкек шаарынын Ош базарында жайгашкан «Берекет Гранд» соода борборунда сатууга жардам беребиз деп алдоо жолу менен ишеничине кирип, алтын буюмдарын күрөөканага коюп, жалпысынан 18 миң 525 АКШ долларын алып, качып кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушул жылдын 23-майында кылмышка шектүү Ж.А. издөөгө салынып, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту айыпталуучуга карата баш коргоо чарасын (сыртынан) тандаган.

2022-жылдын 30-августунда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Ж.А. кармалгын. Ал Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.  Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан камакка алуу мыйзамдуу жана негиздүү деп табылып, ошондой эле шектүү А.Ж.га карата тергөө судьясынын чечими менен соттун чечими менен үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.

Учурда кылмышка шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>