Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстү

2026-жылдын январь–август айларында банктар курулуш компанияларына 21 млрд сом насыя беришти. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 6,1 млрд сомду түзгөн. Ошентип, курулуш тармагына насыя берүү дээрлик 3,5 эсеге өстү.
Бул сумманын үчтөн биринен көбү чет өлкөлүк валютадагы насыяларга туура келди. Алардын көлөмү 8 млрд сомду түзүп, өткөн жылы 2,4 млрд сом болгон. Ал эми сом менен берилген насыялардын көлөмү 13,1 млрд сомго жетти. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 3,6 эсе көп.
Өнөр жай тармагына 10,6 млрд сом насыя берилди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп (5,5 млрд сом).
Август айында өнөр жай тармагындагы насыялардын орточо пайыздык чени 9,8%ды түздү. Өткөн жылдын ушул айында бул көрсөткүч 15,1% болгон. Ал эми курулуш тармагында орточо чен 10,1%ды түзүп, бир жыл мурдагы 13,5%дан төмөндөдү.