Кылмыштан жабыркаган балдар кайра-кайра суракка алынууда

Кыргызстанда кылмыштан жабыркаган балдар тергөөчүлөргө жана сотто бир нече жолу көрсөтмө берүүгө мажбур болууда. Бул алардын кошумча психологиялык жабыркоосуна алып келет. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңеште 2025-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча жылдык баяндамасын сунуштап жатып билдирди.
Анын айтымында, Акыйкатчы институту балдарга карата жасалган кылмыштар боюнча 33 кылмыш ишин талдап чыккан. Талдоо көрсөткөндөй, жашы жете электердин укуктарын коргоо боюнча мыйзамда кепилдиктер каралганына карабастан, иш жүзүндө алардын укуктары толук сакталбай келет.
Негизги көйгөйлөрдүн бири — балдар менен иштөө үчүн атайын даярдыктан өткөн тергөөчүлөрдүн жана адвокаттардын жетишсиздиги. Көпчүлүк учурда жашы жете электердин көрсөтмөлөрү мыйзамда белгиленген тартипте алдын ала бекитилбегендиктен, балдар башынан өткөргөн окуяларын кайра-кайра айтып берүүгө аргасыз болушууда.
Ошол эле учурда психологдун жардамы да дайыма камсыздалбайт. Изилденген кылмыш иштеринин биринде баладан психологдун катышуусуз сурак алынган.
Соттордо да олуттуу көйгөйлөр аныкталган. Талданган 33 иштин ичинен үч-төрт учурда гана тергөө аракеттери жана соттук отурумдар балдар үчүн атайын жабдылган, ыңгайлуу бөлмөлөрдө өткөрүлгөн.
Калган учурларда жашы жете электер кадимки сот залдарында суракка алынып, алардын коопсуздугу жана психологиялык жактан өзүн ыңгайлуу сезиши толук камсыздалган эмес.
Жаманбаева бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн тергөөчүлөрдү, адвокаттарды жана башка адистерди балдар менен иштөөгө атайын окутуу, соттордо тиешелүү шарттарды түзүү жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун жакшыртуу зарыл экенин белгиледи.
Анын айтымында, мындай чараларды кечиктирүүгө болбойт. Анткени сөз кылмыштан буга чейин эле жабыркаган балдардын укуктарын коргоо жөнүндө болуп жатат.