Ошто көчөнү кеңейтүүгө тоскоолдук кылган эки адам кармалдыКыргыз-герман ишкер кеңешинин отуруму сентябрда КРда өтөтТажикстанда компаниялардын кызматкерлерин жумуш ордунда көнүгүү жасоого милдеттендириштиЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 21-июнга карата аба ырайынын божомолуКыргызстан менен Монголия эт азыктарын жеткирүү пландарын белгилештиКыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жатат
Америкалык актер Том Хэнкс менен жубайы коронавирус жуктуруп алды
12.03.2020 | 10:48
Америкалык актер, “Оскар” сыйлыгынын ээси Том Хэнкс менен жубайы Рита Уилсон коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу актер социалдык тармактагы баракчасына жазган.
“Салам достор, Рита экөөбүз учурда Австралиядабыз. Биз өзүбүздү чарчаңкы абалда, ооруп калгандай сезип, коронавируска байланыштуу тест тапшырдык. Анын жыйынтыгында вирусту жуктуруп алгандыгыбыз аныкталды”, – деп жазган ал.
Эми жубайлар Австралияда карантинден өтүп, дарыланышат
Белгилей кетсек, 63 жаштагы актер аялы менен Австралияга жергиликтүү кинорежиссер Баз Лаурманын ырчы Элвис Пресли тууралуу филмьге тартылганы барган. Хэнкс бул филмьде ырчынын менеджери Том Паркердин ролун жараткмак.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар