Депутат Турусбеков: Билим берүү мекемелерине чукул каникул жарыялап, окууну жайга которуу керек

Депутат Турусбеков: Билим берүү мекемелерине чукул каникул жарыялап, окууну жайга которуу керек

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос коронавирусту пандемия деп атады. Алар чукул чараларды көрүп жатышат. Учурда Кыргыз өкмөтүндө дагы чоң иштер жүрүп жатат. Бирок ошого карабастан мен билим берүү мекемелеринде окууну убактылуу токтото турууну сунуштайм. Мындай сунушту бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңеште «ар кандай» маселелер саатында депутат Бактыбек Турусбеков берди.

Эл өкүлү окуучулар менен студенттерге чукул каникул жарыялап, окуу мөөнөттүн жайга которуу керек экенин айтты.

«Учурда бизде 500-600 киши менен чоң тойлорду өткөрүп жатат. Ал жакта адамдар бири-бири менен кучакташып, өбүшүп учурашып жатышат. Ошол себептен кафе-ресторандарда масштабдуу той, маарекелерди өткөрүүнү чектеп турсак дагы болот. Анткени элдин ден соолугу, улуттун амандыгы керек», — деп белгиледи Турусбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>