КРда мал экспорттоо үчүн заманбап карантиндик аймак курулат

18.06.2026 | 13:05
КРда мал экспорттоо үчүн заманбап карантиндик аймак курулат — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда малды убактылуу кармоо үчүн «Карантиндик аймак» аттуу заманбап индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Ветеринардык көзөмөлдү күчөтүүгө жана биологиялык коопсуздукту жогорулатууга багытталган бул долбоорду иш жүзүндө ишке ашыруу маселеси айыл чарба министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун Сауд өнүктүрүү фондунун делегациясы менен болгон жолугушуусунун башкы темасы болду.

Долбоор Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы эки тараптуу Гранттык макулдашуунун алкагында каржыланат. Мындай атайын аймакты түзүү аймактардагы эпизоотиялык тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк берет, ташуунун алдында жаныбарларды ишенимдүү обочолонтууну (изоляциялоону) камсыздайт жана ата мекендик мал чарба тармагынын экспорттук дараметин олуттуу кеңейтүүгө жардам берет.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар объектти ийгиликтүү жана өз убагында пайдаланууга берүү үчүн аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин ырасташты. Кыргыз тарап Сауд фондуна каржылык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди, бул колдоо кыргыз эт азыктарын жаңы чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу үчүн санитардык көзөмөлдүн алдыңкы эл аралык стандарттарын киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Scroll to Top