Катуу үн чыгарган унааларды пайдаланууга тыюу салуу сунушталуудаБаткенде аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалдыСыймык Жапыкеев кыргыз тили боюнча тестти экинчи аракетинде тапшырдыТүнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты
Апрель айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 260 млн долларга жакын акча которулган
24.06.2026 | 12:07

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстанга келип түшкөн акча которуулардын жалпы суммасы 259,8 млн АКШ долларын түздү. Бул март айындагы которууларга (255,2 млн доллар) салыштырмалуу 4,6 млн долларга көп.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, которулган каражаттардын негизги бөлүгү КМШ өлкөлөрүнөн келген, анын көлөмү 239,8 млн долларды түзөт. Алыскы чет өлкөлөрдөн болсо, болгону 20 млн доллар которулган.
Ошол эле мезгилде Кыргызстандан сыртка чыккан акча которуулардын көлөмү 19,8 млн доллар болгон. Анын ичинен КМШ өлкөлөрүнө 17,7 млн доллар, ал эми алыскы чет өлкөлөргө 2,1 млн доллар жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Улуттук банк