ШКУда адам укуктары боюнча кызматташтыктын жаңы туруктуу форматы түзүлдү

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин улуттук укук коргоо мекемелеринин алгачкы консультативдик жолугушуусу өттү. Бул иш-чара тарыхый мааниге ээ болду: ШКУ аянтчасында биринчи жолу укук коргоо институттарынын өкүлдөрү адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо маселелери боюнча кесипкөй диалог үчүн чогулушту.
Жолугушууга Беларустун, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Пакистандын улуттук укук коргоо мекемелеринин жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Индия онлайн форматта катышты. Катышуучуларды мамлекет башчысынын кайрылуусун окуган Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев куттуктады.
КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева жолугушууну ачып жатып, анын тарыхый маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Бул жолугушуу өз ара ишенимди чыңдоого, өнөктөштүк байланыштарды өнүктүрүүгө жана мамлекеттерибиздин ортосундагы гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болоруна ишенем. Бардыгыбызды адам укуктарын коргоо механизмдерин чыңдоого, адилеттүүлүктү өнүктүрүүгө жана инсандын кадыр-баркын урматтоого болгон жалпы умтулуу бириктирип турат», — деп билдирди ал.
Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова 2027–2028-жылдары, ШКУда орусиялык төрагалык кылган мезгилде, Москва бул жаңы укук коргоо форматын өнүктүрүүнү улантууга даяр экенин билдирди. «Ишибиздин натыйжалуулугу — биз бул жаңы диалог форматына кошулуп жатканыбыздын негизги максаты. Мен үчүн адам укуктары жаатындагы эл аралык кызматташтык — бул адамды уга билүү жана ага өз убагында жардам берүү жөндөмү», — деп баса белгиледи ал.
Өзбекстандын Омбудсмени Феруза Эшматова бул аянтча жарандардын укуктарын коргоо менен түздөн-түз алектенген институттардын ортосунда кесипкөй тажрыйба алмашуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи. ШКУнун Башкы катчысы Пяо Янфан геосаясий чыңалуунун жана протекционизмдин өсүшүнүн фонунда адам укуктары чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарга токтолду. Ирандын өкүлү Касем Бармуза улуттук укук коргоо институттарын адамдар менен эл аралык уюмдардын ортосундагы мамилелерде жүрүм-турум ченемдерин калыптандырууда негизги ролду ойноого чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында протоколго, ошондой эле ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук укук коргоо мекемелеринин ортосунда кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу меморандумдарга кол коюлду. Бул форматты туруктуу негизде өткөрүп туруу пландалууда.
Жолугушуунун демилгечиси болгон Акыйкатчы институту жарандардын чет өлкөдөгү жана чет элдиктердин Кыргызстандын аймагындагы укуктарын коргоо боюнча туруктуу иш алып барат. 2025-жылы чет элдик жарандардан 35 кайрылуу түшсө, 2026-жылдын алгачкы беш айында эле 24 кайрылуу келип түшкөн.