Кыргызстан Пакистан менен энергетика тармагында иштешет

Кыргызстан Пакистан менен энергетика тармагында иштешет

Бүгүн Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Пакистандын Энергетика министри Мухаммад Али жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптар түз авиакаттамдарды түзүү, транзиттик каттам боюнча жүк ташууларды жандандыруу жана ишкердик байланыштарды түзүү боюнча эки тараптуу кызматташуунун жетишкендиктерин оң белгилешти.

“Кыргызстандын олуттуу гидроэнергетикалык потенциалын эске алуу менен өлкө “CASA-1000” аймактык долбоорун алдыга жылдыруу жана ишке ашыруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, анын ичинде кичи жана гидроэнергетикалык комплекстерди куруу жана модернизациялоо боюнча пакистандык тарап менен кызматташууга кызыктар” — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, алар маданий-гуманитардык кызматташуу, саламаттыкты сактоо, фармацевтика жана билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>