Балдарын сабаган эне кармалды

Балдарын сабаган эне кармалды

Социалдык тармактарга тараган, аял киши 2 кичинекей баланы сабап жатканы тартылган видео боюнча 21 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Милициядан билдиришкендей, соцтармактарга тараган видео боюнча 6-ноябрда териштирүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө балдарды уруп жаткан аял Араван районунун 21 жаштагы Д.С. аттуу тургуну экендиги аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Д.С. видеотасмада уруп жаткан жаш балдар өзүнүн 2 жаштагы эгиз кыздары экендигин, алар заара ушатып койгондугу үчүн ушундай кадамдарга баргандыгын билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Аталган окуяга байланыштуу 21 жаштагы келинге карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары камакка алынган.

«Учурда өспүрүмдөрдүн денелеринен алган жарааттарын жана психикалык жактан жабыр тарткандыгын аныктоо максатында экспертизалар дайындалып, тиешеллүү мамлекеттик социалдык мекемелер жумуштарын алып барып жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>