“Асман” шаары курула турган аймак өзгөртүлөт

“Асман” шаары курула турган аймак өзгөртүлөт

Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаары курула турган аймак өзгөрүп жатат. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

“Шаар курулат деп пландалган жер биосфералык аймакка киргендигине байланыштуу 10 чакырым ары жылат. Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчы аэропортунун ортосунда болуп калат. Ошондо аэропортко 10-12 чакырым жакындайт”, — дейт Равшанбек Сабиров.

Расмий маалыматка караганда, “Асман” шаарын курууга болжол менен 20 миллиард АКШ доллары кетет. Сабиров долбоорго жеке инвестициялар тартыларын, азыр эки инвестор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.

“Асман” долбоордун автору Руслан Акматалиев. Экологиялык жаңы шаар Бишкектин ыш маселесин чечүүгө, Балыкчыда токтоп турган өндүрүштөрдү жандандырууга өбөлгө түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>