Мырза-Акедеги мектеп-интернатка 1 млн сомдук сертификат берилди

Мырза-Акедеги мектеп-интернатка 1 млн сомдук сертификат берилди

Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева бүгүн, 19-майда, президент Садыр Жапаровдун атынан Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Мырза-Аке жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернатынын директоруна 1 миллион сомдук сертификат тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 2022-жылдын майында президенттин катышуусунда кезектеги футбол боюнча “Мурас” достук турнири өткөн. Турнирде “Президенттин Администрациясы”  командасы жеңишке жетишип, анда мамлекет башчысы байге фонду кайрымдуулукка жумшаларын билдирген.

Асел Чынбаева футбол боюнча достук турниринин байге фондун кайрымдуулукка которуу жакшы салтка айланганын белгиледи. Буга чейин 2021-жылдын декабрында өткөн биринчи турнирдин байге фонду да жетим балдардын жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернатына которулган.

Ошону менен бирге балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл мамлекет башчысы билим берүү тармагына жана калкты социалдык жактан коргоого өзгөчө көңүл буруп жаткандыгына токтолду. Маалым болгондой, социалдык кызматкерлердин эмгек акысы да жогорулады, үстүбүздөгү жылдын 1-июнунан тарта жарандардын айрым категориялары учун социалдык жөлөкпулдардын өлчомү көбөйүүдө.

Асел Чынбаева социалдык коргоо тутумунун кызматкерлерине эмгеги жана кесипкөйлүгү үчүн, өзгөчө аталган мектеп-интернаттын жамаатына ыраазычылык билдирип, ошондой эле бардыгына чың ден соолук, ийгиликтерди жана балдардын жаркын келечегин каалады.

Жумушчу сапарынын алкагында ал ошондой эле Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Орке айылындагы багып алынган бала тарбияланып жаткан фостердик үй-бүлөгө барып, китеп, таттууларды тапшырды.

Андан соң,  Асел Чынбаева «Боорукердик» үй-интернатында болуп, тарбиялануучулардын жашоо шарты менен таанышты. Ошондой эле бардык окуучуларга таттуулар жана белектер берилди.

Сапардын соңунда балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы Балдар иштери боюнча комиссиянын отурумуна катышып, балдарды окутуунун актуалдуу суроолоруна жооп берди.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мырза-аке

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>